Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Үч жаран БАЭде кулчулукка кабылганын билдиришүүдө


Кыргызстандык Адилет Жумаев, Акмат уулу Сагын, Мирбек Бейшенбиев жалган убадалар менен Бириккен Араб Эмираттарына барып, ал жакта кулчулукка кабылып, кыйынчылык менен мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын өнүгүү боюнча менеджери Бакыт Жумагулов “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, бул адамдар Бишкектеги жеке фирманын жардамы менен БАЭге сапар алышкан. Фирма аларга Абу-Даби шаарынан айына 500 долларлык жумуш табылганын билдирген. Араб Эмирлигине келишкенде, аларды Абу-Дабиге эмес, чет жакта жайгашкан бир шаарга алып барышып, 200 доллардык курулуш ишине иштетүүгө аргасыз кылышкан. Кыргызстандыктар каршылыктарын билдирип чыгышканда, курулуштан кубалап жиберишкен. Натыйжада үч жаран эки айдан ашык убакыттан кийин кыргызстандык башка жердештеринин жардамы менен мекенине кайтып келишкен.

Алдамчылыкка кабылганын айткандар жеке фирманы жоопко тартууну талап кылышууда. Учурда алардын кайрылуулары Ички иштер министрлигине, Акыйкатчы институтуна жиберилди. (KKs)

XS
SM
MD
LG