Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Кыргызстанда дүйнө эпосторунун фестивалы өтөт


6-сентябрдан 11-сентябрга чейин Бишкек жана Талас шаарында дүйнө элдеринин эпосторунун 2-фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият жана маалымат министрлигин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул фестивалдын алкагында дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн өкүлдөр келишип, элдик эпостору тууралуу маалымат беришет. Мындан тышкары «Ала-Арча» резиденциясында «Улуттук маданияттын салттуу баалуулуктары» деген аталышта эл аралык илимий симпозиум, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкелери уюштурулат.

Иш-чара дүйнө элдеринин эпосторун жана каада-салттарын изилдөө аркылуу, Кыргызстандын улуттук баалуулуктарын башка элдерге жайылтуу, чет өлкөлүк жарандардын кыргыз жерине болгон кызыгуусун арттырууну максат кылат. (KKs)

XS
SM
MD
LG