Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Ирандын алгачкы АЭСи электр кубатын бере баштады


Мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Бушер АЭСи улуттук электр түйүнгө өткөн түндөн баштап кошулду. Ирандын атомдук кубат боюнча мекемесинин өкүлү Хамид Хадем Каеминин айтымында, Бушер АЭСи 12-сентябрда расмий ачылгандан тарта кубаттуулугунун 40%ында иштейт.

Бушер АЭСин куруу үчүн 1970-жылдары Германиянын “Сименс” компаниясы тарабынан башталган долбоорду кийин Орусиянын инженерлери аягына чыгарды. Бирок АЭСтин ишке киришүү мөөнөтү улам кийинкиге калтырылып келинген.

Өзөктүк программасы жашыруун түрдө өзөктүк курал жасоого багытталган деген шек саноолордон улам Иранга бир нече ирет эл аралык санкциялар да киргизилген. Тегеран болсо мындай дооматтарды четке кагып келет. Анткен менен Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ Иран өзөктүк курал жасоону жашыруун улантып жатканы жөнүндө чалгын маалыматтарынан “абдан кооптонорун” белгиледи.

XS
SM
MD
LG