Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Франция ТИМи Сириянын президенти Асадды айыптады


Франциянын тышкы иштер министри Алэн Жюппе Сирия президенти Башар Асаддын режимин адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыптады. Москвада орус тышкы мекемесинин жетекчиси Сергей Лавров менен жолугушууда Жюппе ошондой эле Москва Сирияга каршы санкцияларга жакын арада кошулат деген үмүтүн билдирди.

Өткөн айда Британия, Франция, Германия, Португалия жана АКШ Асад менен анын айланасындагыларга каршы санкция колдонуу жөнүндөгү резолюция долбоорун иштеп чыгышкан. Бирок ал Орусия жана Кытайдын каршылыгына туш болгон. Бүгүнкү кездешүүдө Лавров Москванын туруму өзгөрөөрүн айткан жок. Ал тапта Сириянын Хомс шаарында аскерлер 12 кишини өлтүргөнүн жергиликтүү активисттер маалымдашты.

XS
SM
MD
LG