Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Египетте Мубарак кайра сот алдына келди


Eгипеттин мурдагы мамлекет башчысы Хосни Мубарак бүгүн демонстранттардын атылышы жана коррупция боюнча айыптоолорго жооп берүүнү улантат. Мубарак бул айыптоолорду мойнуна алган эмес. Мубарактын сотуна өлкөнүн аскерий жетекчиси да чакырылды. Дагы бир нече аскерий, чалгын жетекчилери менен катар Египеттин азыр бийликтеги аскер кеңешинин башчысы, талаа маршалы Мохаммад Тантави сурак бермекчи. Августтун үчүндө башталган сотко Мубаракты төшөктө жаткан бойдон дөңгөлөктүү жайма керебет менен алып келишкен.

XS
SM
MD
LG