Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Түндүк Кореяда аскерий парад өттү


Корей Элдик Демократиялык Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 63 жылдыгына арналган аскерий парадга өлкө лидери Ким Чен Ир уулу Ким Чжон Ын менен катышты.

Бул Ким Чен Ир уулун бийлик башына калтырууга таптап жатканын дагы бир жолу тастыктады. Мамлекеттик сыналгы каналдар ата-бала аскерий парадды кабыл алып жатканын, карапайым адамдар эл башчыларын кубаттар гүлдестелерди булгалаганын көрсөттү.

Ким Чжон Ын отузга чыга элек болсо дагы армиянын генерал чинине ээ. Түндүк Кореянын аскерий комиссиясынын төрагасынын орун басары.

XS
SM
MD
LG