Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Тил сынагынан өтпөй калган эки талапкер сотко кайрылды


Президенттикке талапкер болобуз деген Мамбетжунус Абылов менен Замирбек Парманкулов тил сынагынын өтпөй калышын бийликтин саясий буйругу менен байланыштырууда. "Кыргызча мектепте окуп, айылда өскөм" деген Мамбетжунус Абылов буга чейин бийликти сындаган макала жазганы үчүн ага ушундай бут тосуулар болуп жатат деп болжосо, Замирбек Парманкулов саясий буйруктун артында кимдер тургандыгы өзүнө белгисиз экендигин, бүгүнкү тил сынагынын бүтүмү ага таптакыр түшүнүксүз болуп калганын "Азаттыкка" билдирди. Тил комиссиясынын бүгүнкү баасына байланышту алар Биринчи май райондук сотуна арыз жолдошконун да кошумчалашты.

Талапкерлерди сынактан өткөрүп жаткан тил комиссиянын мүчөсү Галина Василькова “Азаттыкка” бул талапкерлердин дооматы негизсиз экендигин, алар эл алдында актануу үчүн ушундай аракетке барып жатканын билдирди. Анын айтымында, өтпөй калган талапкерлердин бири “Кыргыз Республикасы” деген сөздү кичинекей тамга менен жазып, “жер жарылып, өсүмдүк өстү” деген түшүнүктү “жер төрөп берди” деп айтып, күлкү жараткандыгын белгиледи. Ошондой эле программасы менен тааныштырууда эки талапкердин бири түз эле үгүткө өткөндөй түр калтырган. Галина Василькова саясий буйрук деген доомат суу кечпей тургандыгын белгиледи. (AzK)

XS
SM
MD
LG