Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

"Шайлоого цензура менен" деп аталган тегерек үстөл болот


Бүгүн Бишкекте "Шайлоого цензура менен" деп аталган тегерек үстөл өтүп, анда «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңешти шайлоо тууралуу» мыйзамдын 22-беренеси каралат. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, бул берене шайлоо алдында бир катар радио жана телекомпаниялардын ишмердүүлүгүнө бут тосот, башкысы – аларга карата саясий кысым жүргүзүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул мыйзамдын 22-беренесине ылайык, эл аралык теле жана радиоканалдар үгүт иштерин жүргүзүүгө катыша алышпайт, бул болсо мындай компанияларга моралдык жана материалдык жактан терс таасирин тийгизет деп белгилешет алар.

Бүгүнкү тегерек үстөлдө мына ушул маселелер жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгү каралмакчы. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Транспорт жана байланыш министрлигинен, мамлекеттик байланыш агенттигинен, БШКдан өкүлдөр жана радио, телекомпаниялардын жетекчилери чакырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG