Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Франция менен Британиянын лидерлери Ливияда


Франция президенти Николя Саркози жана Британия премьер-министри Дэвид Кэмерон Ливиянын жаңы жетекчилиги менен кездешүү үчүн Триполиге келишти.

Эки лидер Муаммар Каддафинин 42 жылдык режимин кулатуу үчүн козголоңчуларга НАТОнун авиациясы менен көмөктөшүүнүн демилгечилери.

Кэмерон Ливияга өткөөл учурда жардамдашуу боюнча атайын программаны жарыялайт деп күтүлүүдө.

Сапар алдында Ливиянын Улуттук убактылуу кеңеши багынып бербеген каддафичилерди жеңүү үчүн дагы көп согушууга туура келерин билдирди. 69 жаштагы Каддафинин дареги белгисиз.

Бириккен Улуттар уюму Каддафи туулган Сирте шаарын НАТОнун “каарынан” коргоого үндөдү. Сирте азыр каддафичилердин колунда.

XS
SM
MD
LG