Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:47

Кадамжайда кара май аткезчилигине шектелип 20 унаа кармалды


Баткендеги Кадамжай бекетинде Бишкектен жана Оштон Баткенди көздөй сапар алган күйүүчү май ташуучу 20 унаа бир аптадан бери өткөрүлбөй кармалып турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ак-Жол” ишканасынын айдоочусу Аман Жээналиев билдирди. Анын айтымында, унааларды өткөрбөй жаткан тартип коргоо орган кызматкерлери аларды “күйүүчү май аткезчилигине шектүү" деп кармашкан. Жээналиев Бишкектен Лейлектеги күйүүчү май станциясына 35 тонна бензин алып бара жатканын айтууда.

Учурда Кадамжай бекетине караштуу базада 20 жүк ташуучу унаа 40тай айдоочусу менен кармалууда. Ал арада Баткенде күйүүчү майга болгон таңкыстык орун алып жатканы айтылууда. Учурда Баткенде күйүүчү майдын баасы 43-45 сомду түзүүдө. (ЕК)

XS
SM
MD
LG