Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

Курал сатты деп шектелген милициянын иши сотко өттү


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет курал сатып кармалган милиция кызматкерлери боюнча ишти сотко өткөрүп берди. Аталган комитеттен "Азаттыкка" маалымдашкандай, алар 30-июлда кармалган.

Ички иштер министрлигинин айыпталган 3 кызматкери учурда УКМКнын тергөө абагында жатат. Козголгон кылмыш ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту карайт.

Тергөө учурунда 5 "ТТ" тапанчасы, 3 "ПМ" тапанчасы, 1 Калашников автоматы, 1 карабин, 6 мергенчилик мылтык, 1 "ТОЗ-34" винтовка жана 6 000 ок алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG