Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Абдулла Гүл Берлинде бомба коркутуусунан улам кечигип сүйлөдү


Бомба бар деген белгисиз бирөөнүн эскертүүсүнө байланыштуу Түркиянын президенти Абдулла Гүл Берлиндин Гумболд университетиндеги сөзүн кечигип баштады. Полиция дарс залын текшерип, бомба тапкан жок.

Университеттин сыртында күрттөр чогулуп, Күрдистан жумушчу партиясынын жол башчысы Абдулла Ожеланды бошотууну талап кылышты. Кийин пресс-конференцияда Түркиянын президенти Германияда жашаган түрк жарандарын немис тилин үйрөнүүгө чакырды:

Германияда жашаган бардык түрктөр эгер ушул жерде жашагысы келсе, немис тилин жакшы сүйлөөгө милдеттүү. Мен муну мурда да айткам, азыр да кайталайм: элден калбай, бардар турмушта жашагысы келген адам Германияда жергиликтүү тилди билиши керек.

Бүгүн Гүл Германиянын канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүү жвргүзөт деп күтүлүүдө. Түркия Европа Биримдигине кирүүгө талапкер, бирок анын мүчөлүгүнө Меркел каршы чыгып, «Түркия толук эмес, бирок артыкчылыктуу мүчө болсун" деп айтып келет.

XS
SM
MD
LG