Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:24

Италия эл аралык кредит агенттигинин чечимин сынга алды


Премьер- министр Силвио Берлусконинин билдиргенине караганда, "Standard & Poors" рейтинг агенттигинин аракети реалдуулукка шайкеш келбейт жана «саясий жүйөөдөн» улам жасалган болушу мүмкүн. Италия премьер-министри белгилегендей, өткөн аптада парламент колдогон антикризисттик чаралар жакын арада өз жемишин бере баштайт.

Мунун алдында “Standard & Poors” агенттиги Италиянын рейтингин бир баскычка төмөндөтүп, өлкөнүн экономикалык келечеги боюнча терс божомол жасаган. Италия - Евробиримдиктин үчүнчү ири экономикасы. Кредиттик рейтингдин төмөндөшү ал эл аралык базардан насыя алганда үстөк пайызды мурдагыдан көбүрөөк төлөйт дегенди билдирет.

 

XS
SM
MD
LG