Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

АКШ президенти Ливиядагы жаңы заманды кубаттады


Барак Обама Нью-Йоркто Улуттар Ууюмунда АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн Ливиянын келечеги боюнча сүйлөшүүлөрү башталар алдында буларды белгиледи:

-Бүгүн ливиялыктар өз жашоосундагы жаңы бапты жазууда. Кырк жылга созулган караңгылыктан кийин алар тирандан бошоп, көчөдө эркин басып жүрө алышат. Өз үндөрүн гезиттерден, радиодон, теледен, коомдук аянттардан жана жеке блогдордон уга алышмакчы.

АКШ президенти дүйнөлүк коомчулук Ливиянын эли өз өлкөсүн кайра куруп жаткан кезде бирге турарын, НАТОнун аба соккулары Каддафинин жактоочуларынан коркунуч жоголмоюнча улантыла берерин убада кылды.

Улуттар уюмундагы салтнатка Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин лидери Мустафа Жалил да катышты жана эл аралык коалициянын козголоңго көргөзгөн жардамын жогору баалады. Жалил ошондой эле кулатылган режимдин колго түшкөн өкүлдөрүнүн үстүнөн сот болорун убада кылды.

Бул аралыкта оппозициянын күчтөрү өткөн айда Триполини ээлегенден бери качып жүргөн Муаммар Каддафи дагы бир аудиокайрылуу таратып, каршылаштарына НАТОнун коргоосу түбөлүккө улана албасын эскертти.

Жаңы бийликтин күчтөрүнүн соңку билдирүүлөрүнө караганда, учурда алар чөлдөгү Сабха шаарына жакын аймактарда маанилүү турумдарды ээлешти. Уруш борбор Триполинин түштүк-чыгышындагы Бани Валид жана Каддафинин кичи мекени - Сирт шаары үчүн да уланууда.

XS
SM
MD
LG