Бириккен Улуттардын жугуштуу эмес оорулар боюнча жыйынында сүйлөгөн украин президенти Виктор Януковичтин айтымында, Украина айыл-чарбасын ыкчам өркүндөтүп жатат жана өндүрүштү өстүрүүдө өлкөнүн зор мүмкүнчүлүк бар:
– Украина экологиялык таза тамак-аштын өндүрүшүн көбөйтүүнү пландап жатат. Эң жакынкы келечекте биз мындай продукцияны эл аралык базарда анча кымбат эмес баада сатууну көбөйтөбүз.
«Экологиялык таза азык-түлүк» дегенде табигый жол менен өстүрүлгөн, консерванттар кошулбаган, тоңдурулбаган, кургатылбаган жана стерилдештирилбеген тамак-аш продуктарын түшүнүшөт. Украинанын «экологиялык таза тамак» деген штамп басылган сүт жана дан өсүмдүктөрүнөн жасалган азык-түлүктөрү бүгүн АКШнын бир катар дүкөндөрүндө сатылат.