Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Палестиналыктар демонстрацияга чыгышты


Миңдеген палестиналыктар бүгүн Иордандын Батыш жээгиндеги шаарларда чогулууда. Алар Палестина БУУга 194-мүчө катары киришин колдоо үчүн өнөктүк өткөрүшүүдө. Демонстрациялар АКШ президенти Барак Обама бүгүн Нью-Йоркто палестин лидери Махмуд Аббас жана Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху менен жолугуп жаткан кезде уюштурулууда.

Вашингтон Палестинанын өзүнчө мамлекет катары БУУда таанылуу мүдөөсү боюнча эл аралык карама-каршылыкты алдын алууга аракеттенип жатат. АКШ жана анын өнөктөшү Израил Палестин мамлекети эки тараптын тикелей сүйлөшүүсүнүн натыйжасында гана түзүлүүсү керек деп эсептейт. Бирок палестин тарап сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганын айтууда.

Палестин лидери Махмуд Аббас Палестинаны БУУга мүчөлүккө алууну 23-сентябрда Башкы ассамблеяда сүйлөгөн учурунда өтүнөрү күтүлүүдө.

Бул аралыкта Орусия тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов Москва АКШ менен Израилдин каршылыгына карабай Палестинанын БУУга мүчө болуу мүдөөсүн колдой турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG