Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Акыйкатчы: Дүйшөбаевдин күнөөсүнө далилдер бар экен


"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 20-майда Бактыбек Сулайманов деген жигитти кызматтык унаасы менен коюп кетип өлтүргөнү боюнча журналисттерде далил маалымат бар экен", - деди "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун.

Журналисттер акыйкатчыга кайрылып, кылмыш жасаган киши жоопко тартылбай жатат деп арызданышкан. Турсунбек Акун алардын айтканын коомчулукка жеткирип коюну туура көргөн. Бирок, ишти иликтеген органдардын пикирин уга элек экенин айтты.

20-майда Бишкектин четиндеги Ново-Покровка айылында Е 9437 D номерлүү автоунаа 28 жаштагы Сулаймановду коюп кеткен. Расмий маалымат боюнча, унааны Дүйшөбаевдин айдоочусу айдап бараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG