Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Францияда паранжа кийген эки аял жазана төлөйт


Францияда коомдук жайларда паранжа кийип жүргөнгө тыйуу салган мыйзамды бузганы үчүн эки аялга айып салынды. Парижге улагалаш Мо шаарчасынын соту 12-апрелде күчүнө кирген мыйзамды бузушканы үчүн алардын бирине 120 евро, экинчисине 80 евро айып такты. Франция коомдук жайларда мусулман аялдардын бетинен аягына чейин чулгап жүргөнүнө же паранжа тагынып жүргөнүнө тыйуу салган Европанын биринчи өлкөсү.

XS
SM
MD
LG