Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Отунбаева мекендештерине БУУнун трибунасынан кайрылды


Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 66-сессиясынын экинчи күнүндө президент Роза Отунбаева сөз сүйлөдү. Эл аралык турмуштун айрым орчун маселелери боюнча Кыргызстандын көз карашын билдирип, дүйнөлүк трибунадан өз мекендештерине да кайрылды.

Президент Отунбаева БУУдагы сөзүнүн башында Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү тарыхый өзгөрүүлөргө Кыргызстандын калкы кайгыруу жана тилектештик менен байкоо салганына токтолду.

Араб жазынан бир жыл мурдараак “биз өз жерибизде тиранияны кулатканбыз” деген президент Борбор Азиянын очогундагы Кыргызстан катаал президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өткөнүн, парламенттик шайлоону эл аралык байкоочулар ачык-айкын деп тааныганын эске салды.

Президенттик шайлоо жөнүндө

30-октябрда Кыргызстан калкы өткөөл доордун акыркы этабына – жаңы президентти шайлоого катышарын, бийликти тынч жана цивилизациялуу жол менен өткөрүп берүү салтын түптөө көздөлүп жатканын белгилөө менен Кыргызстан калкына да кайрылды:

- Бул жогорку трибунадан, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун алдында мен өзүмдүн мекендештериме кайрылгым келет. Биздин демократияга умтулуубуз, ачык коомду көздөй өзгөрбөс багытыбыз дүйнөлүк көңүл чордондо турат. Бүткүл дүйнө бизди карап турган чак. Биз чоң кун менен келген эркиндикке татыктуу болуубуз абзел. Этникалык, аймактык же диний принцип боюнча бөлүнүүгө акыбыз жок. Жалпы улуттук биримдик, мыйзамдын үстөмдүгү, абийирдүү башкаруу, жарандардын катышуусу, эркин басма сөз - бизге гүлдөгөн жана күчтүү мамлекет курууга жардам бере турган жетишкендиктер. Айланайын кыргыз элим, эгемендүүлүгүңдү ыйык тутуп, биримдикти бекем сактап, эл бийлигин чыңдайлы.

Президент Роза Отунбаева бул кайрылууга катар БУУга мүчө өлкөлөрдү, эл аралык уюмдарды шайлоого байкоочуларын жиберүүгө чакырды.

Президент Р.Отунбаеванын БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:35 0:00
Түз линк


Диктаторлор жөнүндө

Андан ары президент өз сөзүндө Бириккен Улуттар уюму мекенинен акча-байлык уурдай качкан диктаторлор жазага тартылгыдай жол-жобо иштеп чыгуусу керектигин белгиледи:

Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 66-жыйыны, Нью-Йорк шаары, 2011-жыл
- Өз элине каршы жасаган кылмыштары үчүн диктаторлор чет өлкөдөн башпаанек таппастан, жоопкерчиликке тартылуусу керек. Биздин уюмда (БУУда) сот адилеттигин камсыздоо, уурдалган каражаттарды жабыр тарткан элдерге кайтаруу боюнча так стандарттар жана процедуралар иштелип чыгуусу зарыл. Сөз өч алуу, саясий жүйөсү бар куугунтук жөнүндө эмес, адегенде адилеттүүлүк жана жазалоо баарына бирдей болушу жөнүндө жүрүп жатат.

Ооганстан жөнүндө

БУУдагы сөзүндө эл аралык маселелерден Роза Отунбаева оболу Ооганстандагы жагдайга кайрылды. Эл аралык коалицияга кирген өлкөлөрдү ал жерден аскерлерин чыгарып кетүүгө ашыкпоого чакырды:

- Коалициянын аскерлерин Ооганстандан чыгаруу боюнча чечим, бул өлкөдөгү кырдаалдын турукташканы абдан сезилгенде жана ооган полициясы менен армиясын машыктыруу, бекемдөө маселеси боюнча маанилүү милдет ишке ашкандан кийин гана кабыл алынуусу керек деп эсептейбиз. Алар өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу функциясын өзүнө ала алуусу абзел.

АКШ президенти Барак Обама быйыл июнь айында жарыялагандай, Оооганстандан келерки жылдын аягына чейин 33 миң аскер чыгарылуусу керек. Американын калган күчтөрү өлкөдөн кетүүчү мөөнөт катары 2014-жылдын аягы аталган.

Палестина жөнүндө

Палестин эгемендигин талап кылган митингдер, Батыш Газа, 2011-жылдын сентябры
Бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясында сөз алган учурунда палестин лидери Махмуд Аббас автономияны мүчөлүккө кабыл алуу боюнча арыз берери күтүлүүдө. Президент Отунбаева Кыргызстандын бул талаш маселе боюнча да турумун айта кетти:

-Палестинаны БУУнун толук укуктуу мүчөсү катары караштырууну биз колдой турганыбызды мурда эле билдиргенбиз.

Палестинаны 1967-жылкы чек араларда 1995-жылы эле тааныган Кыргызстан БУУнун баш катчысынын Израилге жана Палестинага сүйлөшүү столуна кайтуу жөнүндөгү чакырыгын колдойт.


Коопсуздук кеңешине мүчөлүк жөнүндө

"Азаттык" буга чейин маалымдагандай, Кыргызстан 2012-2013-жылдары БУУнун маанилүү чечимдерди кабыл алуучу Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу эмес он орундун бирөө үчүн Пакистан менен атаандашууда. Президент Отунбаева сөзүнүн аягында БУУнун мүчөлөрүн Кыргызстандын талапкерлигин колдоого үндөдү:

- Кыргыз Республикасы деңизге чыга албаган, кичинекей жана өткөөл экономикадагы өлкөлөр тобуна кирет. Ошондой эле жаш демократиялуу, калкы бир нече динди карманган республика катары Коопсуздук кеңешинде баардык категориядагы өлкөлөрдүн өкүлчүлүгү болушун жактайт. Ушундан улам мен БУУга мүчө өлкөлөрдүн делегацияларын Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоого чакырам.

БУУнун Башкы ассамблеясы Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу эмес он орундун бешөөнү эки жылдык мөөнөт менен улам жаңыртып турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG