Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Отунбаева эл бийлигин чыңдоого чакырууда


Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 66-сессиясынын экинчи күнүндө президент Роза Отунбаева сөз сүйлөдү. Эл аралык турмуштун айрым орчун маселелери боюнча Кыргызстандын көз карашын билдирип, дүйнөлүк трибунадан өз мекендештерине да кайрылды. 30-октябрда Кыргызстан калкы өткөөл доордун акыркы этабына – жаңы президентти шайлоого катышаарын, бийликти тынч жана цивилизациялуу жол менен өткөрүп берүү салтын түптөө көздөлүп жатканын белгилөө менен Кыргызстан калкына да кайрылды:

- Биздин демократияга умтулуубуз, ачык коомду көздөй өзгөрбөс багытыбыз дүйнөлүк көңүл чордондо турат. Бүткүл дүйнө бизди карап турган чак. Биз чоң кун менен келген эркиндикке татыктуу болуубуз абзел. Этникалык, аймактык же диний принцип боюнча бөлүнүүгө акыбыз жок. Жалпы улуттук биримдик, мыйзамдын үстөмдүгү, абийирдүү башкаруу, жарандардын катышуусу, эркин басма сөз - бизге гүлдөгөн жана күчтүү мамлекет курууга жардам бере турган жетишкендиктер. Айланайын кыргыз элим, эгемендүүлүгүңдү ыйык тутуп, биримдикти бекем сактап, эл бийлигин чыңдайлы.

Президент Роза Отунбаева бул кайрылууга катар БУУга мүчө өлкөлөрдү, эл аралык уюмдарды шайлоого байкоочуларын жиберүүгө чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG