Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Майыптар президенттин демилгесин колдоого алышты


Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын кыймылы президент Роза Отунбаеванын БУУнун Майыптар укугу тууралуу Конвенциясына кошулуу демилгесин кубаттады. Аталган кыймыл жетекчиси Мирбек Асангариев Жогорку Кеңешке кайрылып, бул документти ратификациядан тезинен өткөрүп, ички мыйзамдарды ага шайкеш келтирүүгө үндөдү.

21-сентябрда президент Отунбаева БУУнун Башкы ассамблеясынын кезектеги 66-жыйынында БУУнун Майыптар укугу тууралуу Конвенциясына Кыргызстандын кошулушун белгилеген документине кол койгон.

Кыргызстанда майып адамдар саны 133 миң деп эсептелет. Өкмөт тарабынан берилчү эң төмөнкү жөлөк пул өлкөдө 800 сом турат. Кыргызстанда майыптар күнүмдүк жашоодо алардын укуктары жетишерлик деңгээлде корголбой жатканын белгилеп келишет. (ЕК)

XS
SM
MD
LG