Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:47

Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү башталды


Боршайком президенттикке талапкерлерге жана журналисттерге үгүт маалында мыйзам чегинде иш алып барууну эскертет. Ал эми ички иштер жана прокуратура органдарына мындай мыйзам бузуулар орун алса бул боюнча дароо чара көрүү сунушталат. БШК маалымат каражат өкүлдөрүн үгүт маалында талапкерлерге карата атайылап каралоо мазмунундагы макалаларга жол бербөөгө да чакырды.

Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 25-сентябрдан 29-октябрга чейин өтөт. Кечээ талапкерлерди каттоо соңуна чыгып, БШК жарышка 20 адам түшкөнүн жар салган. Бирок эки талапкер: Акбаралы Айтикеев жана Нариман Түлеев Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, аларды маарадан четтетүү боюнча БШК токтомун жокко чыгарганын айтууда. Боршайкомдун маалымат кызматы сот чечими келе электигине байланыштуу азырынча бул тууралуу комментарий бере албастыгын билдирүүдө. (ЕК)

XS
SM
MD
LG