Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Шайлоо өнөктүгү талаш менен башталды


Президенттик шайлоого карата үгүт иштери башталды. Бул арада сот БШК шайлоодон четтеткен алты талапкердин арызын канааттандырды.

24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого жыйырма талапкер катышаарын жарыялаган. Бүгүн ал талапкерлердин көпчүлүгү өз үгүт иштерин баштап, борбор шаардын көчөлөрүнө көрнөк-жарнактарын, ураан-чакырыктарын илгенге үлгүрдү. Байкоочулардын белгилешинче, талапкерлердин үгүт ыкмалары мурдагы шайлоолордон анчалык деле айырмаланбайт.

Кол чогултуудан чыккан чыр

Ал аралыкта Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик жарыштан четтетип койгон талапкерлердин арызын 24-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту канааттандырганы кабарланды. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жетиштүү кол топтой алган эмес деген чечим менен президенттикке талапкер Нариман Түлеев шайлоодон четтетилген.

Биринчи Май райондук соту арызын канааттандырганын Нариман Түлеев “Азаттыкка” билдирди.

- Биз өткөрүп берген 57 папка бар экен. Ошонун жетисин гана ачып, элүүсүнө тийбептир. Элүүнүн ичиндеги номур 27-папкада 95 беш кол коюлган барак бар экен. Ошонун 14 барагын гана карашкан экен. 12-папкада 107 кол коюлган кагаз болсо, ошонун бир эле барагын карашкан.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов соттун чечимин алыша электигин, аны алгандан кийин бул талапкер боюнча бир тыянакка келишерин белгиледи.

- Кечээ Биринчи Май райондук соту ишти Нариман Түлеевдин пайдасына чечти деп биз да уктук, бирок кагазды ала элекпиз. Кагазды эртең алсак, ошого жараша чечим чыгарабыз.

Талапкерлерди ыраазы кылган сот

Анткен менен президенттик жарыштан четтетилген башка талапкерлер да сотто утуп алышты. Президенттик жарыштан кол топтоодо кетирген катачылыгы үчүн четтетилген “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева сот анын пайдасына чечим чыгарганын айтууда.

- Сот чечим чыгарып, БШКнын чечимдерин жараксыз деп тапты. Кечээ талапкерлерди каттоо күнү бүтө электе, кечки саат алтыга он беш мүнөт калганда БШКга арызымды алып бардым. Бирок кечээтен бери БШКнын бир да өкүлү жок.

Жогорку Соттун маалымат кызматы 25-сентябрда билдирүү таратып, Токтайым Үмөталиева менен Нариман Түлеевден тышкары, президенттикке талапкерлер Акбаралы Айтикеев, Аскарбек Абышев, Калыбек Арабаев, Уланбек Сооданбековдун жогорудагыдай эле арыздары Биринчи Май райондук сотунда канаттандырылганын маалымдады.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевди угалы

- 24-сентябрда Биринчи Май райондук соту ачык отурумунда алты талапкердин доо арызын карады. Тараптардын ой-пикирин уккандан кийин соттун чечими менен бардык талапкерлердин арызы канааттандырылып, БШКнын 20-сентябрдагы токтому жокко чыгарылды.

Каттайт, каттабайт...

Анткен менен БШК соттун мындай чечиминен улам Жогорку Сотко арызданууга ниеттенип жатканы кабарланууда. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер Нариман Түлеев менен Токтайым Үмөталиеванын шайлоодон четтетилгенин эске алып, мамлекеттик тил боюнча сынакка да катыштырган эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов сотто утуп алган талапкерлер боюнча мындай дейт:

-Эгерде БШКда кол чогулткан кагаздары туура болуп чыкса, анда алар талапкер болуп чыгышы мүмкүн. Тил комиссиясы да анда кайра чогулуп, сынак алат.

Мындан тышкары шайлоодон четтетилген талапкер Турсунбай Бакир уулу да БШКны сотко берерин ачыктады. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык талаптарды аткарган жыйырма талапкерди шайлоого аттандырган. Эгер сотто утуп алган адамдарга да кайра жарышка түшүүгө уруксат берилсе, анда талапкерлердин саны дагы көбөйүшү ыктымал.

"Азаттык:" Урматтуу окурман, үгүт өнөктүгү учурунда Шерине бөлүгүбүзгө кайсы бир талапкерди мактап-жактаган, же тескерисинче каралап, жамандаган пикирлер чыгарылбайт.

XS
SM
MD
LG