Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Иран абактан бошоткон эки америкалык мекенине кайтып келди


Алар күнөөсүз экендиктерин жана америкалык болгону үчүн гана кармалышканын билдиришти.

2009-жылдын августунда иран-ирак чек арасынан камакка алынгандардын бири Шейн Бауэр мындай дейт:

-Башынан эле биздин барымтада калганыбыз анык болгон. Барымтада калуу бул биз үчүн эң туура мүнөздөмө. Себеби күнөөлүү эместигибиз белгилүүлүгүнө карабай, Ирандын өкмөтү биздин ишибизди АКШ менен саясий талашына байлап салды.

Иран бийликтери эки америкалыкты тыңчы катары айыптоо менен жабык эшик артындагы сотто сегиз жылга түрмөгө кескен болчу.

Шейн Бауэр менен Жош Фаттал өткөн аптада ар бири беш жүз миң доллардан күрөө төлөө менен бошотулушуп, Ирандан Оманга жөнөтүлгөн эле.

Алар тергөөдө жана сотто Ирактын тоолорунда саякаттап жүрүп, Ирандын аймагына жаңылыш өтүп кеттик деп айтып келишкен. Алардын тыңчы эместигин АКШ өкмөтү да бир нече ирет билдирген. Америкалыктардын абактан чыгарылышын Ирандын өкмөтү гуманитардык ишара катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG