Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда "Кыргызстандын социалдык сектору" аттуу долбоор кабыл алынды. Ага ылайык, Европа биримдиги кыргыз тарапка 13 миллион евро бөлүп берет. Бул каражат кыргызстандыктарды социалдык жактан коргоо иш-аракеттерине жумшалат. (RK)