Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

НАТОнун учактары Каддафинин кичи мекенине сокку урду


НАТОнун учактары жекшемби күнү Муаммар Каддафинин кичи мекени Сиртанын атарабындагы сегиз аскердик объектке сокку урушту. 26-сентябрда Алянстын маалымдашынча, анын ичинде каруу-жарак жана аскерий унаалар кампасы, ракета аткычтар бар.

Сирта шаарын Ливиянын утурумдук өкмөтүнүн аскерлери чыгыш, түштүк жана батыш тараптан камоодо.

Италиянын килейген мунай компаниясы ENI бүгүн Ливияда мунай өндүрө баштаганын кабарлады. ENI 7 айдай илгери Ливияда жарандык согуш башталганда өлкөдө мунай өндүрүүнү токтоткон болчу.

XS
SM
MD
LG