Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Өзбек министри БУУдагы сөзүндө июнь окуясын көтөрдү


БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурунда Өзбекстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Елиор Ганиев Кыргызстанда 2010-жылы орун алган улут аралык жаңжалды “Борбор Азия аймагындагы тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн олуттуу көйгөй” болду деп мүнөздөдү.

Елиор Ганиев белгилегендей, андан бери бир жылдан ашуун убакыт өтсө да кыянатчылыкка буйрук берген, уюштурган жана ишке ашыргандарга каршы “саясий да, укуктук да” кадамдар жасалган жок.

Өзбек тышкы иштер министринин пикиринде, былтыркы кан төгүү толук иликтенип, аны даярдагандар улутуна, ээлеген кызматына карабай жазаланмайынча өзбек жамааты менен кыргыздар ортосунда “ишеним жана кызматташтык калыбына келээрин күтүү кыйын”.

Мурдараак Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Өзбекстан июнь коогалаңына катышы бар деп шектелген өзбек тектүү айрым жарандарды өз аймагынан кармап, кайтарып берүүгө көмөктөшпөй жатканын билдиришкен.

Ош менен Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнунда болгон кагылыштан 400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Улуттар уюму билдиргендей, БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун өткөн аптада президент Роза Отунбаева менен жолукканда Кыргызстанды эл аралык комиссиянын баяндамасында камтылган сунуштарды ишке ашырууга чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG