Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Москвадагы текстиль жарманкесине Кыргызстан да катышууда


Бул күндөрү Москвада өтүп жаткан текстиль өндүрүшү боюнча эл аралык жарманкеге кыргызстандык кийим тигүүчүлөр да катышып жатышат. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, Кыргызстанда тигилген буюмдарга кызыккандар көп. Бул иш-чарага Орусиянын бардык аймактарынан, Европадан, Кытай жана Түркиядан ири сатуучулар агылып келет. Кыргызстандан 10 ишкана катышууда. Алардын Москвага барышына, жарманкеге катышуусуна кеткен чыгымдарды Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода борбору көтөрүүдө. (AiK/RK)

XS
SM
MD
LG