Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Батыровдун сотунда көрсөтмөлөр бериле баштады


Кадыржан Батыров анын тарабына өтүүгө жана коркутуп-үркүтүүгө, тоноочулукка, ок атууга барган. Мындай көрсөтмөнү бүгүнкү соттук отурумда жабырлануучулар Махамаджан Маматкулов жана Бекболот Ибрагимов беришти.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин маалымдашынча, бүгүнкү отурумда соттолуучулардын адвокаттары менен жабырлануучулардын ортосунда кайым айтышуудан чатак чыгып кете жаздады. Коопсуздук кызматкерлеринин кийлигишүүсү ага жол берген жок.

Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борборунун мурдагы башчысы Кадыржан Батыров жана дагы 5 адам 2010-жылдын июнундагы Ош жана Жалал-Абаддагы улут аралык кандуу кагылышты баштаган деген айып менен соттолуп жатат. Бирок алар өлкөдөн чыгып кеткендиктен, эл аралык изөөдө жүрүшөт. Жабырлануучулардын жалпы саны 60 адам, күбөлөр - 300. Кийинки соттук отурум 4-октябрда болот. Июнь коогасында 400дөн ашык адамдын өмүрү кыйылган.(RK)

XS
SM
MD
LG