Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Саламаттыкты сактоо министрлеринин Ислам жыйыны башталат


Казакстандын Астана шаарында өтчү жыйынга Кыргызстандан министр Сабырбек Жумабеков катышып, өлкөдөгү балдар жана энелер өлүмү, шал, ВИЧ/СПИДди алдын алуу, кургак учук оорулары жана эмдөөнүн жүрүшү туурасында маалымат берет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Ислам конференциясына Ислам кызматташтык уюумуна мүчө өлкөлөрдөн 400дөн ашуун делегаттар, бир катар эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышмакчы. Катышуучулар 2009-жылы Тайландда өткөн жыйында кабыл алынган резолюциянын аткарылышын талкуулап, соңунда биргелешип кызматташуу боюнча атайын документке кол коюшат. Иш-чара 29-сентябрдан 1-октябрга чейин болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG