Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Египеттин саясий партиялары шайлоону бойкотторун эскертүүдө


Өлкөдөгү саясий партиялар менен топтордун алтымышы, анын ичинде таасирлүү “Мусулман агаиндер” кыймылы биргелешкен билдирүүсндө эгер аскерий бийлик шайлоо мыйзамын өзгөртпөсө алдыдагы өнөктүктү бойкотторун эскертиштти.

Алар саясий партияларга парламентте көз карандысыз талапкерлерге каралган орундарга да өз өкүлдөрүн көргөзүүсүнө жол ачылышын талап кылышып, азыркы мыйзам мурдагы режимдин адамдары парламентке кирүүсүнө бөгөт койо албасын белгилешүүдө. Саясий партиялар талаптары орундалышы үчүн аскерий бийликке жекшембиге чейин убакыт берди.

Египеттин Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку Кеңеши кош палаталуу парламентке шайлоо 28-ноябрда башталарын ушул аптада жарыялаган. Бул - отуз жыл ашуун президенттик кылган Хосни Мубарак бийликтен кулагандан кийинки алгачкы шайлоо болот.

Бул аралыкта АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Египеттин аскерий бийлигиги өзгөчө абал мыйзамын мурда мерчемделген мөөнөттөн эрте жойоруна үмүт билдирди. Клинтон белгилегендей, ал мыйзамдын жокко чыгарылуусу демократиялык шайлоо өткөрүү жана Египет жарандарынын укугун коргоо үчүн маанилүү. Мурдараак аскерий бийлик ал мыйзам 2012-жылдын июнь айынан тарта күчтөн кетирилерин айткан.

Египеттин өзгөчө абал мыйзамы 1981-жылы ал кездеги президент Анвар Садат киши колдуу болгондо киргизилген жана быйыл 9-сентябрда Израилдин Каирдеги элчилигине кол салынган соң келерки жылдын жарымына чейин расмий узартылган.

XS
SM
MD
LG