Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Нью-Йоркто көчө бууган 700дөй демонстрант камакка алынды


Нью-Йоркто “Уолл Стритти ээле” (Occupy Wall Street) кыймылынын 700дөй активисти камакка алынды. Полиция аларды уруксатсыз түрдө Бруклин көпүрөсүн бууп, машинелердин тыгынын пайда кылды деп күнөөлөдү. Бу кыймыл эки жума мурда Дүйнөлүк Соода борборунун ордуна чукул жайда чатырларын тигип конуш алышкан. Алар корпорациялардын ашыкча кирешеге умтулуусуна, күрөөгө коюлган мүлктү сатып алуу укугунан ажырап калууга, жумушсуздукка жана өкмөттүн банктарды жөлөп-тайоосуна нааразы. Ушул өңдүү акциялар Бостон, Чикаго, Сан Франциско жана башка шаарларда да кулач жайууда.

Полициянын билдиришинче, Бруклин көпүрөсү автоунаалар үчүн 1-октябрда куптандан кийин кайра ачылган.

XS
SM
MD
LG