Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Кара-Сууда социологиялык сурамжылоо башталды


Оштун Кара-Суу районунун айрым айылдарында эл пикирин билүү боюнча сурамжылоо башталды. Бул тууралуу "Адам укуктары боюнча эдвокаси борбор" маалымдайт. Жакын арада сурамжылоо Шарк жана Кызыл-Кыштак айылдарында болот. Ал эми Мады айылынын тургундары катышкан сурамжылоонун жыйынтыктары атайын өткөрүлгөн тегерек үстөлдө жарыяланды. Сурамжылоого 35-60 жаштагы 73 аял жана 17 эркек катышкан. Алардын 24 пайызы коррупцияны, 22% - мыйзамсыз камоолорду, 20% - соттордун акыйкатсыздыгын, 15% - этникалык жактан кемсинтүүнү жана 8 пайызы дискриминацияны негизги проблема деп аташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG