Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Элчилер отчет бергени келе алышкан жок


Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин бүгүнкү отурумунда Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери келип отчет беришмек. Бирок бир дагы элчи келе алган жок. Мунун себебин тышкы иштер министрлиги президенттик шайлоого карата иштин көп болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү деп билдиришти “Азаттыкка” аталган комитеттен. Отурумда Кыргызстандын Орусиядагы, Украина, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандагы элчиликтеринин жана Екатеринбург, Алматы шаарларындагы Башкы консулдуктарынын ишмердиги боюнча отчету угулмак. Аталган өлкөлөрдө жашаган кыргызстандык эмгек мигранттарынын оор абалы, укуктарынын тебелениши тууралуу коомчулукта байма-бай айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG