Республика боюнча 1972 бала быйыл мектепке барбай калды. Бул тууралуу 4-октябрда президент Роза Отунбаева Мугалимдер күнүнө арналган жолугушууда айтты. Ал эми эл аралык иликтөөлөр 40 миң бала окуудан өксүгөнүн билдирүүдө.“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Мугалимдер күнүнүн урматына өткөрүлгөн салтанатка алдыңкы мугалимдер жана өкмөттүн, парламенттин өкүлдөрү катышышты. (RK)