Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Асел Жураеванын тасмасы Орусиядагы кинофестивалда “Мыкты дебют” деп табылды


Кыргызстандык режиссер Асел Жураеванын “”Өмүр бешиги” аттуу даректүү тасмасы Екатеринбург шаарында 1-5-октябрь күндөрү өткөн “Орусия” кинофестивалында “Мыкты дебют” деп табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаршемби күнү кыргызстандык киносынчы Гүлбара Төлөмүшева кабарлады. Режиссер өзү Екатеринбургдан “Азаттыкка” сүйлөп жатып, “Өмүр бешиги” анын студенттик иши экенин белгиледи.

Өткөн аптада Бишкектеги “Бир дүйнө-Кыргызстан” адам укуктары боюнча 5-кинофестивалда Асел Жураеванын “Мекеге карай жол” тасмасы Улуттук программадагы конкурс боюнча баш-байгени утуп алган эле.

“Орусия” даректүү тасмалар фестивалы быйыл 22-жолу өткөрүлдү. Ага Жураеванын тасмасынан сырткары, режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Кайыкчы” тасмасы да катышкан.

XS
SM
MD
LG