Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Депутат Жапаров президентти кетсин деди


Өлкө башчысы Роза Отунбаеваны жана президенттик аппараттын жетекчиси Эмилбек Каптагаевди кызматтан четтетүү керек деген оюн бүгүн парламентте депутат Садыр Жапаров билдирди. Ал Каптагаевди кызматтан алуу боюнча токтом президентке мындан он күн мурда эле жөнөтүлгөнүн, бирок аткарылбай келатканын кошумчалады. Жапаровдун пикиринде, "себеби апрель окуясынан бери алардын жеген-ичкени бир болуп калган". Ал эми Отунбаеваны кызматтан кетирүүгө негиз катары Жапаров былтыркы июнь окуясы боюнча атайын кызматтардын окуя курчуп баратканы тууралуу күн сайын берген маалыматына карабай ал эч кандай чара колдонбогонун атады. Мамлекет башчысы жана президенттик аппараттан бул айтылгандар боюнча азырынча комментарий боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG