Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Стивен Жобс кайтыш болду


Дүйнөдө Macintosh компьютерлери жана IPod, IPhone жана IPad продукциялары менен таанылган Apple технологиялык компаниясынын мурдакы башчысы Стив Жобс уйку безинин рагы менен ооруп, январдан бери дарыланып жүргөн болчу. Ал 56 жашында АКШда каза болду.

Стив Жобс Apple технологиялык компаниясынын жетекчиси кызматынан август айында кеткен. Жобстун ошол учурда кызматынан кетип жатышы тууралуу кабар дүйнө жүзү боюнча социалдык тармактарда, массалык маалымат каражаттарында эң алдыңкы саптарга чыгып талкууга алынган . Ошондон кийин Apple ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Стив Жобс директорлор кеңешинин төрагасы катары иштеп калган.

XS
SM
MD
LG