Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

ИИМ депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат


Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясына чакырылды. Депутаттар учурда Кыргызстандагы ички иштер министрлигинин ишмердигине байланышкан учурдун талылуу маселелери боюнча суроолорду берип жатышат. Алардын ичинде парламентарийлер министрликтин курал-жарак кампасынан жоголгон куралдарды издөөнүн, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн, жол коопсуздугу кызматынын, кадр саясатынын, ачылбай жаткан кылмыштардын абалына кызыгышты. Эл өкүлдөрү ошондой эле кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталган айрым адамдар эл арасында ээн-эркин эле жүргөнүн, Бишкектин чоң жолдорунда түнкүсүн кымбат баалуу, күлүк автоунаалардын жарышын уюштургандарга чара колдонулбай жатканын белгилешти. Ички иштер министри Парламент сессиясына күн тартибиндеги Күйүүчү, майлоочу материалдарды республиканын аймагынан мыйзамсыз чыгарып кетүүгө бөгөт коюу, кадрдык жана башка маселелер боюнча ИИМдин ишмердиги жөнүндөгү маселенин алкагында чакырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG