Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Оштогу кечээки окуя боюнча айрым жагдайлар билине баштады


Соңку маалыматтар боюнча, кечээ Ошто террорчу деп шектелгендерди кармоо учурунда бирөөсү ИИМ өкүлдөрү тарабынан атып өлтүрүлүп, жанындагы эки шериги качып кеткен. Окуя болгон жерден 2 Макаров тапанчасы 13 огу менен табылды. Бул тууралуу дубандагы кабарчыбыз Эрнис Нурматов Оштун милиция өкүлдөрүнө шилтеме берип билдирди.

Кечээ түштөн кийин, саат төрт жарымдар чамасында милиция кызматкерлери ичинде террорчу бар деп шектелген бир кичи автобусту кубалап, Ош шаарына кире бериште токтоткон. Анын ичиндеги террорчу делген адам милицияга сес көрсөтүп, автоунаадагы башка адамдарды барымтага алаарын айткан. Бирок ал ошол замат атып өлтүрүлгөн. Башка жүргүнчүлөрдүн эч кимиси жабыр тарткан эмес.

Жергиликтүү милиция бул окуяны шайлоо алдында атайын бир күчтөрдүн тополоң уюштурушу эмес, катардагы кылмыштардын бири катары атап, элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырып жатат. Учурда УКМК жана ИИМ биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (ЕК)

XS
SM
MD
LG