Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

ЖКдагы тыңшоочу жабдууларды издөө боюнча топ түзүлдү


Жогорку Кеңештеги Коргоо жана коопсуздук комитети 10-октябрда тыңшоого ылайыкташтырылган жабдуулар тууралуу жыйын курду. Анда парламенттин имаратында жана кабинеттерде шектүү зымдар бар экени, ушундан улам сүйлөшкөн сөздөр тыңшалып жатышы мүмкүн деген күдүк ой айтылды. Жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү маалымат беришти. Натыйжада шектүү зымдарды таап иликтөө боюнча атайын топ түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG