Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Ошто өспүрүмдөрдү түрмөдөн сактап калуу маселеси талкууланды


Ошто ювеналдык юстиция боюнча семинар өтүп жатат. Анын ишине күч түзүмдөрүнүн, соттун, прокуратуранын кызматкерлери, мектеп мугалимдери, шаар бийлигинин өкүлдөрү катышууда. Ювеналдык юстициянын максаты - кылмыш жасаган өспүрүмдү абактан сактап калуу. Бул үчүн өспүрүм күнөөсүн моюнуна алып, жабыркаган тараптан кечирим сурашы керек. Ортомчулук кызматты атайын даярдыктан өткөн медиаторлор көрсөтүшөт. Мыйзамды бузган өспүрүмдү түрмөгө жеткирбей алып калуу маанилүү экендигин адистер айтып келишет. Кыргызстанда медиаторлор боюнча мыйзам азырынча кабыл алына элек. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, жашы жете электердин түрмөсүнө жатып чыккан балдардын 90 пайызы кайра эле кылмыш жасап, абакка барат. Ошто 27 миң өспүрүм бар. (RK)

XS
SM
MD
LG