Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Майып балдарды колдоого багытталган кече болот


Иш-чара бүгүн Бишкектеги “Хаятт” мейманканасында өтөт. Кечеден чогулган каражат мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктары үчүн берилмекчи. Былтыркы мындай иш-чарада 19 миң доллардан ашык каражат түшкөн. Бул акчага Ош шаарында майып балдар үчүн маалыматтык борбор, ашпозчулар, тикмечилер курстары, кенже балдар үчүн ойноочу бөлмө ачылган. Бул жолку чогулган акча Бишкектеги эки майып балдар үйүнө берилмекчи. Борбор Азиядагы Евразия фонду мындай иш-чараны ушуну менен үчүнчү ирээт өткөрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG