Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Безгекке каршы иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылат


17-октябрда Бишкекте безгекке каршы күрөштүн Улуттук Стратегиясынын ишке ашыруунун абалы талкууланат. Бул план 2006-жылы өкмөт тарабынан бекитилген эле.

Кыргызстанда 2002-жылы безгек менен 2744 адам ооруса, 2010-жылы алардын саны болгону 3кө түшкөн. Мындай ийгиликке Саламатыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү глобалдуу фонду, ЮСАИД жана башка өнөктөштөрдун колдоосунда жеткен.

Соңку жылдары Кыргызстанда безгекке каршы 200 миң короо инфекциялык көзөмөлдөн өтүп, жарандарга чиркейлерге каршы 100 миң чатырча таратылган. 3 миң медкызматкер безгекке каршы чара көрүү окууларынан өткөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министригинин басма сөз кызматы маалымат таратты. (ЕК)

XS
SM
MD
LG