Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Усупбекова: Добуштарды бурмалоого тоскоолдуктар бар


Шайлоочулардын тизмелерин тактоо маселесине байланыштуу “Таза шайлоо” ассоциациясынын директору Айнура Усупбекова ой бөлүштү.

- 20-октябрда тизмелер такталып бүтүшү керек. Аз гана убакыт калганына карабай, шайлоого чейин так, жаңыртылган тизме даяр болоруна күмөн санашкандар да бар. Сиздердин ассоциация ушул багытта байкоо салып жатат. Азыр абал кантип атат?

- Биздин байкоочулардын айтымында, азыркы учурда кээ бир райондордо тизмелерди тактоо ишин 17-октябрда эле бүтүрүп, жыйынтыктап коюп жатышат. Мыйзам боюнча 20-октябрга чейин тизмелер ачык болот, шайлоочулар өздөрүнүн аты-жөнүн тизмеден текшеришет. Ошондой эле өзүнүн дарегине байланыштуу арыз берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ушул убакытка чейин эч кандай чектөө жок.

Бирок бизге жеткен маалыматка караганда, БШК аймактык шайлоо комиссияларына өзүнчө бир эскертме чыгарыптыр. Анда бир айылдан экинчи айылга барып добуш бергенге мүмкүн болуп атат. Мисалы, каттоосу жок бир адам Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаса, Ош шаарындагы шайлоо комиссиясына барып катталууга болот деген эскертме экен. Бирок мыйзам боюнча Ошко келбей деле Кара-Суунун ичинде деле шайлоо дареги боюнча каттоого турса болот. Ошого БШК чектөө киргизип жатат деп ойлоп атабыз. Анткени мыйзам боюнча мындай чектөө жок.

- Сиздер буга чейин мажбурлоо болуп жатканын билдирген элеңиздер. Аны эмне менен негиздеп жатасыздар?

- Университеттерде, кээ бир мамлекеттик мекемелерде жетекчилер мурдагыдай эле кол алдында иштегендерди бир шайлоо участкасына каттоого тургузууга аракет кылып, басым жасаган учурлар бар. Эгер шайлоочу өзү кааласа сөзсүз каттоого турат, эгер каалабаса мажбурлоо болуп калат. Муну ар бир шайлоочу өзү чечип, өзү ойлонушу керек.

- БШК азыр тизмеде болжол менен 2 миллион 800 миңдин тегерегинде шайлоочу бар экенин айткан. Бирок алардын 1 миллионго жакыны чет өлкөдө жүргөнү айтылып жүрөт. Эми мигранттардын ордуна башкалар добуш берет деген күмөн саноолор азыртан айтылып жатпайбы. Ушундай чалкештик болбош үчүн сиздер да бир сунуштарды айтып жатсаңыздар керек?

- Азыркы шайлоодо кошумча тизме жок болот. Биздин жарандардын баары эле алдын ала барып өзүн тизмеден текшербейт. Эгерде бирөө ошол күнү келип калып, ал тизмеде жок болуп, чийилип калса талаш ошондо чыгат. Ошондуктан биз мигранттардын тизмеден чыгарылбай калтырылганына каршы эмеспиз. Мисалы, Казакстан, Орусияда иштегендер деле келип-кетип жүрөт. Азыркы мыйзам боюнча шайлоодо көзгө көрүнгөн сыя колдонулат. Шайлоо комиссиялары, байкоочулар карап турат. Андан сырткары бюлеттендин ар биринин өзүнүн номуру болот. Менимче, мына ушулар добуш берүүнү массалык түрдө бурмалоого тоскоол болот деп ойлойм.

- Көзү өтүп кеткен, же бир адамдын эки, үч жерде катталып калган жагдайлары бар экени буга чейин эле айтылган. Бул ирет деле ушундай жагдайлар көп кездешип атат дешет.

- Ушундай жагдайлар да кездешип жатат. Эгерде атайын өкүлдөр арыз менен кайрылбаса, же ЗАГСтан көзү өткөнү тууралуу кагаз келбесе кайсы бир адамды тизмеден чийип салып, алып салууга укугу жок. Мүмкүн ал киши тирүү. Ошондуктан ага атайын документ керек, же туугандары эртерээк келип билдириш керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG