Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Ошто адвокаттын сабалышы боюнча кылмыш ишин сот карайт


Ош шаардык соту адвокат Татьяна Томинанын сабалышы боюнча кылмыш ишин карайт. Бул тууралуу бүгүн "Эдвокаси борбор" билдирди. Томина былтыркы июнь окуялары боюнча соттолуп жаткандардын жактоочусу катары бир нече сот жараянына катышып жатат. Жабырлануучулардын тарапкерлери болгон аялдар тобу аны сумкалары менен башка-көзгө уруп, таш ыргытып, тээп, мазактаган фактылар боюнча кылмыш иши козголгон. Томинага карата тынчсыздануусун "Хьюман Райтс Вотч" уюму да билдирген. Сот 6-октябрда башталган. Кийнки отурум качан болоору азырынча белгисиз. 2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында чыккан улут аралык жаңжалда 400дөн ашуун адам каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG