Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

БУУ Коопсуздук кеңешинде Кыргызстанга добуш жетишсиз болду


21-октябрда Нью-Йоркто өткөн добуш берүүдө Кыргызстандын Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги колдоо таппады. БУУнун расмий сайты маалымдагандай, Кыргызстандын атаандашы Пакистан 129 өлкөнүн добушун алып, биринчи турда эле жеңип чыкты.

БУУнун Башкы Ассамблеясында кеңештин беш туруктуу эмес мүчөсү үчүн шайлоо жүрүүдө. Буга чейин туруктуу эмес мүчө катары Маррокко, Гватемала жана Того өлкөлөрү шайланышкан. Чыгыш Европа чөлкөмүнөн кеңешке мүчө болуу үчүн Азербайжан менен Словения атаандашууда. БУУнун эң жогорку жана аткарууга милдеттүү чечимдерди кабыл алуучу органы – Коопсуздук кеңеши он беш мүчөдөн турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG