Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Болгарияда президенттик шайлоо өтүүдө


Мамлекет башчылыгына негизги талапкерлер “Жарандар Болгариянын европалык өнүгүшү үчүн” деген партиянын атынан чыккан Росен Плевнелиев, Социалисттик партиянын атынан чыккан өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Ивайло Калфин жана көз карандысыз талапкер, мурдагы еврокомиссар Меглена Кунева.

Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, “Жарандар Болгариянын европалык өнүгүшү үчүн” партиясы колдогон Росен Плевнелиевдин шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Эгер бир да талапкер шайлоого катышкандардын жарымынан көбүнүн добуш албаса, келерки аптада экинчи айлампа болот.

Болгарияда добуш берүүгө укуктуулар 6,9 миллиондой киши. Шайлоонун жүрүшүнө эл аралык байкоочулар көз салууда.

Муну менен Евробиримдикке мүчө өлкөдөгү шайлоого эл аралык өкүлдөр бир нече жылдан бери алгач байкоо жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG