Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Асанов: Коопсуздукту колдон чыгарбайбыз


Ички иштер министринин түштүк аймактары боюнча орун басары Курсан Асанов шайлоо алдындагы коопсуздукка байланыштуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Курсан мырза, оболу Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу иштеринин жүрүшү тууралуу айтып бересизби? Мына шайлоого байланыштуу милиция бүгүндөн тарта күчөтүлгөн тартипке өтүп жатат.

Курсан Асанов: Бүгүнкү күндө коомдук-саясий кырдаал стабилдүү деп айтсам жаңылышпайм. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ош шаарында өздүк курам күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Жогоруда айтылган аймактарда 1177 шайлоо участогу бар. Ар бир шайлоо участогуна тиешелүү өлчөмдө тартип коргоо органдарынын кызматкерлери бөлүнгөн.

ИИМдин негизги милдети - ар бир атуулдун коопсуздугун камсыз кылуу. Биз милдетти толугу менен аткарабыз деп ишендирип кете алам.

“Азаттык”: Кээ бир укук коргоочулар айрыкча Ош шаарында олбурлуу, чымыр денелүү жигиттер шаар аралап, кайсы бир талапкерге добуш бергиле деп опузалап жатат деп айтып чыгышты. Ушундай факттарды аныктай алдыңыздарбы?

Курсан Асанов: Чымыр денелүү дегенде спортчу балдар тууралуу сөз болуп жатат. Ал балдар деле жогорку билими бар, спорттун кээ бир түрлөру менен алектенген балдар. Алар менен биз маектешүүлөрдү өткөргөнбүз.

Сиз кээ бир айылдарга кирип барышканын айтып кеттиңиз. Биз элдин улутуна, уруусуна карабастан ар бир атуулдун коопсуздугун камсыз кылууга күчүбүз жетет жана камсыз кыла алабыз. Булар боюнча бир эки факт болгон, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, баштапкы тергөө иштери жүрүп жатат. Мен булар кайсы бир талапкердин атынан барышкан деп айта албайм.

Буга чейин ар бир айылда болуп, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Мисалы Ош шаарынын милиция башчысы өзүнүн жеке уюлдук телефонунун номерин берген, ошондой эле ишеним телефондору бар. Мындай ишеним телефондор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да күндүр-түндүр иштейт.

Атайын оперативдик ыкчам топтор түзүлгөн. Кандай гана маалымат түшпөсүн биз бир заматта барып, ошол окуянын чын-төгүнүн далилдеп, андан кийинки чараларды көрөбүз.

“Азаттык”: Кечээ Жалал-Абадда кайсы бир талапкерди каралаган баракчалар таркатылды деп айтылды. Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө дагы кандай мыйзам бузуулар катталды?

Курсан Асанов: Мындай баракчалар кечээ Ала-Бука районунда таркатылган экен. Эми шайлоо жакындаган сайын ар түрдүү маанидеги баракчалар дагы таркатылышы мүмкүн. Биз мындай көрүнүштөрдүн алдын алганга аракет кылабыз.

“Азаттык”: Коргоо кеңешинин жыйынында Кыргызстанга бүлгүн салгысы келген күчтөр ичте да, тышта да бар деп айтылды эле. Мына сиз коопсуздук көзөмөлдө деп жатасыз, бирок айрыкча Ошто кооптонуу күч экени айтылып жатат.

Курсан Асанов: Муну эми кооптонуу эмес, жагдай деп айтсак туура болчудай. Биздин эл азыр туруктуулук менен тынчтыкты каалайт. Бирок жагдайларга карап айта турган болсок, диний экстремисттик агым боюнча маселелер бар. Жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен, ошондой эле Коргоо министрлигинин аскерлеринин катышуусу менен Кара-Суу районунда, Ош шаарында, Баткенде жана Базар-Коргон районунда террордук чабуулга даярданган топтун кармалышын айта кетсек болот. Бул факт далилденди.

Бизде мындан башка да оперативдик маалымат болгондуктан атайын кызмат менен биргеликте алып барчу иш мерчемдерибиз бар. Эсиңиздерде болсо керек, мындай иш-мерчемдер буга чейин деле болуп келген, дагы деле улантыла бермекчи.

“Азаттык”: Шайлоодон кийин кырдаал курчушу ыктымал деген божомолдор бар. Добуш берүү аяктагандан кийин кантип иштейсиздер?

Курсан Асанов: Жагдайга карата шайлоодон кийин да тиешелүү иштер жүргүзүлөт. Бирок баары эле тынч болот деген ойдомун.

“Азаттык”: Элдик кошуундардын өкүлдөрү менен биргелешип иштеп жатасыздарбы?

Курсан Асанов: Кечээ эле Ош шаарында элдик кошуундардардын курултайы өттү. Бизге сөзсүз түрдө кошумча күч – элдик кошуун тартылат. Аймакта ар бир шайлоо участкасында төрттөн-бештен элдик кошуундун мүчөлөрү болот, алар милицияга жардам берет.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG