Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Казакстанда жаштар премьер-министрди кызматтан чегинүүгө чакырууда


“Рух жана Тил” деп аталган жаштар уюму Карим Масимовдун кызматтан чегиниши үчүн 10 миң адамдын колун топтогон. Уюмдун лидерлеринин бири Инга Иманбай бүгүн Алматыдагы басма сөз жыйында алар 10 миң колду бир ай ичинде топтогонун белгилеп, элди бул чакырыкты колдоого чакырды.

Иманбайдын айтымында, баалардын өсүшү, Казакстандын Бажы биримдигине кириши, казак экономикасында Кытайдын үлүшүнүн көбөйүшү казакстандыктарга зыянын тийгизүүдө. Карим Масимов премьер- министр катары “тамак-аштын негизги түрлөрүнө, коммуналдык кызматка, күйүүчү майга баа көтөрүлүшүнүн себептерин жана өкмөт бул көйгөйлөрдү кантип чечерин түшүндүргөн жок”,-деди казакстандык жаш активист.

XS
SM
MD
LG